Италия Түркия менен соода көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүүгө чечкиндүү
Бул туурасында Италиянын Түркиядагы элчиси Массимо Гаяни маалымат берди.
![Италия Түркия менен соода көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүүгө чечкиндүү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8840/55f7/b83d/5df70ac9ee22c.jpg?time=1718427676)
Италиянын Анкарадагы элчиси Массимо Гаяни, Италиянын премьер-министри Жузеппе Контенин, Түркия-Италия соода көлөмүнүн 30 миллиард долларга жеткирилүүсү үчүн өздөрүнө тапшырма бергенин белгиледи.
Гаяни Анадолу агенттигине берген маалыматында, Түркия менен Италиянын ортосундагы карым-катнаштардын баардык жагынан мыкты экенин жана узак мөөнөттүү күчтүү достукка негизделгенин айтты.
Түркиянын келээрки жылы кайрадан ылдам өсүшүнүн күтүлгөндүгүн билдирген Гаяни: «Түркияны бир эле учурда Орто Азия жана башка рыноктор үчүн да байланыш жери катары эсептейбиз. Кызматташтык түзүп соода алакаларыбызда дагы көп нерсе кылуу потенциалыбыз бар»,-деди.
Орто эсеп менен 20 миллиард долларлык Түркия-Италия соода көлөмүнүн жакшы деңгээл экенин белгилеген Гаяни: «Италиянын премьер-министри Конте, соода алакаларындагы деңгээлге канааттанганын айтып мындан дагы жакшысын жасай алаарыбызды белгиледи. Бизге Түркия-Италия соода көлөмүнүн жалпы 30 миллиард долларга жеткирилүүсү үчүн тапшырма берди. Биз дагы бул максатты ишке ашыруу үчүн аракет кылабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Италияда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/4b0f/cbdf/a0c5/65d8a6a8559e4.jpg?time=1718427676)
Эрдоган Италияда
Италиянын премьер - министри Жоржия Мелони саммитке келген лидерлерди бир бирден тосуп алды.