Түркия Нигерге көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1322343
Түркия Нигерге көңүл айтты

Түркия Батыш Африка өлкөсү Нигердеги аскердик базага болгон террордук кол салууда көп сандаган кишинин каза тапканына байланыштуу Нигер өкмөтү жана элине көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Нигердин Мали чек араларындагы Inates аймагында жайгашкан аскердик базага болгон террордук кол салууда көп сандаган адамдын каза болушу жана жаракат алышы терең капага салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Бул мыкаачылык кол салууну катуу айыптайбыз. Тууган нигер элине жана өкмөтүнө көңүл айтып, каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилийбиз»,-деген сөздөргө орун берилди.

Нигердин батышындагы аскердик гарнизонго болгон кол салууда, коопсуздук булактары маалымдагандай 70 аскер көз жумган.



Тектеш кабарлар