Түркия-Ливия келишими кабыл алынды
Эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган меморундум эмнени максаттайт?
Түркия-Ливия келишими Түркия Улуу Улуттук Жыйынында кабыл алынды.
Келишим Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Республикалык элдик партиясы, Улуттук кыймыл партиясы жана Жакшы партиянын эл өкүлдөрүнүн колдоосун алды.
Ливия тараптан болсо Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн Президенттик кеңеши келишимди бекитти.
Келишимге кеңештин төрагасы Файиз эс-Серрак кол койду.
Ливия келишими, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги жээк сууларынын батыш чек араларын так түрдө ортого салууда.
Бул меморундумдун негизинде эки өлкөнүн Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги эл аралык мыйзамдан келип чыккан укуктарынын корголуусу максатталууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.