Президент Р. Т. Эрдоган өлкөгө кайтып келди

Президент Р. Т. Эрдоган НАТОнун лидерлер саммитине катышуу жана расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Британиядан өлкөгө кайтып келди.

1318674
Президент Р. Т. Эрдоган өлкөгө кайтып келди

 Президент Р. Т. Эрдоган НАТОнун лидерлер саммитине катышуу жана расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Британиядан өлкөгө кайтып келди.

Президент Р. Т. Эрдоган менен коштоосундагы делегацияны алып келген атайын учак «ТРК» Түркия убактысы боюнча саат 00 :40та Эсенбога аэропортуна келип конду.

Президент Эрдоганды аэропортто вице  - президент Фуат Октай, Анкара губернатору Васип Сипахи, Анкара коопсуздук директору Сервет Йылмаз жана башка тийиштүү кишилер тосуп алды.

Президент Р. Т. Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, казына жана финансы министри Берат Албайрак, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик, АК партиянын Измир депутаты Бинали Йылдырым, коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун жана президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да Анкарага келди.



Тектеш кабарлар