Эрдоган : «Сириза, террористтердин баш калкалоочу жайына айланды»

Президент Эрдоган Лондондо журналисттерге маалымат берди.

1318392
Эрдоган : «Сириза, террористтердин баш калкалоочу жайына айланды»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грецияда «Сириза» партиясынын, террордук уюмдар ДЕАШ, ПКК/ЙПГ жана Феттуллахчы террор уюму ФЕТӨ мүчөлөрүнүн баш калкалоочу жайына айланганын белгиледи.

Президент, НАТОнун саммити үчүн барган Лондондо журналисттер менен жолукту.

Качкындар темасында Европа Биримдигинин өздөрүн жалгыз калтыргандарын, жардам убадаларын орундатпагандарын Евробиримдиктин лидерлерине айткандарын эске салган Эрдоган: «Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен да муну сүйлөштүк. «Сен качкындар боюнча көйгөйүм бар дейсиң, мен эмне кыла алам деп жатасың. Биринчи баскычта муну аткарышың керек. Европа Биримдигинин мүчөсүсүң. Бул темага байланыштуу аракеттериңди ортого сал жана сен Европа өлкөлөрүн түрткүлө. Бул болсо качкындар темасына дагы оң мамиле кылуубузга өбөлгө түзөт» деп айтып, бул маселени аны менен да чечүүгө аракет кылдык»,-деди.

Эрдоган Грециянын премьер-министри Мицотакис менен өткөргөн жолугушууда бул өлкөдөн террор менен күрөшүү темасында колдоо күткөндөрүн айтканын билдирди.

Эрдоган: «Кечээ кечинде урматтуу Мицотакис менен да жолугушуп буларды айттык «Бул ДЕАШ, ПКК/ЙПГ, ФЕТӨ мүчөлөрү тынымсыз сизге барууда жана чалгындоо маалыматына караганда да «Сириза» партиясы булардын баш калкалоочу жайы экен. Ошондуктан буларга каршы биз сизден так мамиле кылышыңызды күтөбүз, колдоо күтөбүз. Бул колдоо биздин сизге болгон колдообузду арттырат»,-деди.



Тектеш кабарлар