Чавушоглу Түркиянын эмне үчүн С-400 алганын түшүндүрдү

Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын С-400 сатып алуусу темасында сөз сүйлөдү.

1315530
Чавушоглу Түркиянын эмне үчүн С-400 алганын түшүндүрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын С-400 сатып алуусу темасында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу, Түркия Футбол федерациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Испаниянын Анталия боюнча ардактуу консулу Хасан Акынжыоглуна Испания королдугунун мамлекеттик эмгек сиңирүү ордени жана медалы ыйгарылганынан улам Антальядагы бир отелде сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын абадан коргонуу системасына муктаждыгы болгонун белгилеп: «Бул процессте тилекке каршы С-400дөрдү албагыла деген Америка чек арадан Патриотторду чыгарып кетти. Германия дагы чыгарып кетти, Германия чыгарган соң токтоосуз түрдө Нидерландия дагы чыгарат. Эми болсо Италия дагы SAMP-Tны чыгарып кете турганын айтууда. Чек арабызда абадан коргонуу системаларын, батареяларын, патриоттордун мөөнөтүн узарта турганын айткан жалгыз өлкө Испания болду. Испания Түркиянын чыныгы досу болуп саналат. Бул үчүн да чоң ырахматымды айтам»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу, сөз сүйлөөлөрүндө айрыкча, Түркиянын БУУнун чатырынын астында цивилизациялар шериктештигин жандантуу темасында Испания менен биргелешип иш алып баргандарын айтып: «Бул тармактарда биздин эң көп ишенген, биргелешип иштешкен өлкөлөрдүн башында Испания турат»,-деди.



Тектеш кабарлар