Грецияда токмоктолгон качкындар Түркияда дарыланууда

Грецияда токмок жегенден кийин Түркияга мажбурлоо менен жиберилгендиктерин ортого салган качкындардан жаруулар Эдирнеде дарыланууда.

1314719
Грецияда токмоктолгон качкындар Түркияда дарыланууда

Грецияда токмок жегенден кийин Түркияга мажбурлоо менен жиберилгендиктерин ортого салган качкындардан жаруулар Эдирнеде дарыланууда.

Чек ара бөлүгүнүн аскерлери чек арага жакын айылдарда аскердик тыюу салынган аймактарда балдар жана аялдардан турган Бангладеш, Афганстан, Алжир жана Пакистан тектүү 68 качкын кармалды.

Качкындардан алтоосунун сокку жегендиги белгиленди. 68 качкын жана алардын ичинде жаралуулар да Эдирденедеги мамлекеттик ооруканага текшерүүдөн өткөрүү үчүн алып келинди.

Соккудан улам  буттарындагы жана тизелериндеги жаралануулардан улам кээ бир качкындар ооруканага жиберилди. Жаралуулар ооруканада калып, калган качкындар миграция бөлүмүнө жиберилди.

Ооруканада дарылангандан кийин колу гипске салынган жана денесиндеги жара издери менен чыккан качкын Рехбер Юсуфи Грецияга барары менен грек коопсуздук күчтөрүнүн токмоктоп Түркияга мажбур түрдө кайтаргандыгын ортого салды. 5 грек полициясынын 2 саат токмоктогондугун, колунун сынгандыгын айткан Юсуфи буттары менен желкесинде токмоктун издери бар экендигин айтты.

 

 



Тектеш кабарлар