Фахреттин Алтун: «НАТО өлкөлөрү жалпы кызыкчылыктарды эске алышы керек»

Алтун Франциянын президенти Макрондун сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

1314669
Фахреттин Алтун: «НАТО өлкөлөрү жалпы кызыкчылыктарды эске алышы керек»

Коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Түндүк Атлантика келишими уюмуна (НАТО) кирген өлкөлөрдүн, уюмга мүчө мамлекеттерди кызыктарган жалпы кызыкчылыктарга жана коопсуздукка маани берүүлөрү керектигин айтты.

Алтун Твиттерден Франциянын президенти Эммануэль Макрондун террордук уюм ЙПГ/ПККга каршы Сириянын түндүгүндө «Тынчтык булагы» операциясын жүргүзгөн Түркиянын НАТО шериктештеринен колдоо күтпөшү керек деген сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

Трансатлантика шериктештигинин күчү жана таасирдүүлүгүнүн, мүчө өлкөлөрдүн жалпы коопсуздугу жагынан маанилүү экенин белгилеген Алтун: «НАТОдо дагы берки эл аралык уюмдарда болгону сыяктуу убакыттын өтүшү менен реформа жана ревизияга зарылдыгы болгон. Бул процесске жол башчы болуу да НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жоопкерчилигинде»,-деди.

Түркиянын башынан бери НАТОнун негизги мүчөсү экенин жана уюмдун ичинде чоң роль ойногонун баса белгилеген Алтун: «Мүчө мамлекеттерге, Түркиянын улуттук коопсуздук тынчсызданууларын түшүнүүлөрү үчүн чакырык салып жатабыз. Жоопкерчиликти алган ар бир мүчө өлкөнүн жана лидердин өз реформа сунуштарын билдириши жана муну аткарып жатканда, мүчө мамлекеттерди кызыктырган жалпы кызыкчылык жана коопсуздукту эске алуулары керек»,-деди.



Тектеш кабарлар