Өмер Челик Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  байрагынын өрттөлүшүнө каршылык көрсөттү

Челик рум саясатчылардын бул кыймылдарды, провакацияларды кылгандарга күч берген сөздөрдү  сүйлөшкөндөрүнө басым жасады.

1308922
Өмер Челик Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  байрагынын өрттөлүшүнө каршылык көрсөттү

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик Кипр рум бөлүгүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  байрагынын өрттөлүшүнө каршылык көрсөттү.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Борбордук иш алып баруу  кеңеши президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде чогулду. Жыйындан кийин өткөрүлгөн пресс  - жыйында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик маалымат берди. Өмер Челик Кипр рум бөлүгүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын байрагынын өрттөлүшүнө каршылык көрсөттү.

Челик рум саясатчылардын бул кыймылдарды, провакацияларды кылгандарга күч берген сөздөрдү  сүйлөшкөндөрүнө басым жасады.

Бул кыймылдардын  бир канча провакатордун кылган кыймылы эмес экендигин, системалуу кыймыл экендигин белгилеген Челик грек жана рум саясатчылардын көкүтүүчү билдирүүлөрүнүн бул кыймылдарда таасири болгондугун айтты.  Мурунку күнү Норвегияда Куран Каримдин өрттөлүшүн катуу айыпташкандарын да белгилеген Челик : «Ислам душмандыгы идеологиясына ээ бир уюм тарабынан жасалган бул кыймыл бир гана мусулмандарга каршы эмес, ошол эле учурда бардык адамзатка каршы жасалган кыймыл»,- деди.



Тектеш кабарлар