Түркиядан Германияга 10 киши депортация кылынат

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Кристофер Бургер, борбор шаар Берлиндеги Федералдык басма сөз имаратында маалымат жыйынында маалымат берди.

1305072
Түркиядан Германияга 10 киши депортация кылынат

Түркиядан бул аптада Германияга 10 киши депортация кылынат.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Кристофер Бургер, борбор шаар Берлиндеги Федералдык басма сөз имаратында уюштурулган маалымат жыйынында Түркиядан ушул аптада өлкөсүнө депортация кылына турган немис атуулдары тууралуу билдирүү жасады.

Бургер: «Түркиядан бул аптада (Германияга) депортация кылына турган 10 кишиден 3ү эркек, 5и аял, экөө бала экенин айта аламын»,-деди.

Германиянын тышкы өкүлчүлүктөрүндө бул кишилердин ким экендиктери белгиленгени жана бардыгынын немис атуулу болгонун айткан Бургер, бул кишилердин ДЕАШка байланышы болуп болбогонун учурда айта албай турганын, бирок депортация кылына турган 2 аялдын Сирияда болгондугу жөнүндө белгилер бар экенин маалымдады.

Немис басма сөзүндө орун алган кабарларда болсо ДЕАШка байланышы болгон эң аз 7 кишинин Түркиядан Германияга депортация кылына турганы белгиленди.

Тркиянын ички иштер министринин орун басары жана министрликтин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы, чет элдик террорист согушкерлердин кайтарылуусу кечээ башталганын билдирген.



Тектеш кабарлар