Эрдоган Шанлыурфада

Президенттик аппарат Эрдогандын сапары тууралуу видео бөлүштү.

1299516
Эрдоган Шанлыурфада

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Шанлыурфадагы Кургактык күчтөрү командирлигинин биргелешкен операция борборуна барды.

Президенттик аппараттан Эрдогандын сапары тууралуу видео бөлүшүлдү.

Видеодо президент Эрдогандын видео-конференция жолу аркылуу байланыш куруп, «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймактагы командирден Рас-эль-Айн менен айланасындагы суу жана электр энергиясы боюнча маалымат алгандыгы көрүндү.

Президент Эрдоган, шаарга сапары убагында болсо жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК террористтери тарабынан чек аранын Сирия тарабынан 10-октябрда Шанлыурфанын Акчакале районуна атылган минометтун огунан шейит кеткен 9 айлык Мухаммед Омардын үй-бүлөсү менен да жолукту.



Тектеш кабарлар