Эрдогандын 29-Октябрь Республика майрамына карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 29-Октябрь Республика майрамынын 96-жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады. билдирүүсүндө,

1296236
Эрдогандын 29-Октябрь Республика майрамына карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, улут жана мамлекет катары тарыхый күрөштүн ичинде экенибизди белгилеп: «Боштондук согушубуздун окшошун башкача ыкмалар менен жүргүзүүдөбүз»,-деди.

Эрдоган, 29-Октябрь Республика майрамынын 96-жылдыгынан улам жарыялаган билдирүүсүндө, бир кылымдык шаңдуу өтмүшкө ээ Боштондук согушубуздун жеңишке жетишүүсүндө жана жаңы мамлекеттин түзүлүүсүндө милдет алган Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон баатырларды урматтоо менен эскерди.

Улут жана мамлекет катары өзүбүздү жана келечегибизди коргоо максаты менен акыркы жылдарда ошондой эле тарыхый күрөштү жүргүзгөнүн айткан Эрдоган: «Мындан бир кылым мурда баштаган жана жаңы мамлекетибиз Республикабызды куруп зоболосун бийиктеткен Боштондук согушубуздун окшошун, башкача көрүнүштөр жана ыкмалар менен жүргүзүүдөбүз. Улуттук биримдик жана ынтымагыбызды бузууга карай ар түрдүү оюн,  ар түрдүү мыкаачылыктар кылынууда. Сырларыбыздын купуялуулугунан экономикабызга чейин эгемендүүлүгүбүздү бутага алган көп багыттуу кол салуулар үзгүлтүксүз болуп жатат»,-деди.

Түркиянын байыркы тарыхый бирикмеси, түптүү мамлекет тажрыйбасы жана бир кылымга жакындаган Республика түзүлүмү менен бардык маселелерди ашып өтө турган күчкө, мүмкүнчүлүккө, чечкиндүүлүккө ээ болгонун баса белгилеген Президент: «Ичинен өткөн бул маанилүү процессти да Республикабызды бизге мурас катары калтыргандардын көз карашына ылайыктуу түрдө ийгиликтүү натыйжаландыра турганыбызга чын жүрөктөн ишенемин. Республикабызды кыйла жылдар бою абдан күчтүү, дагы өнүккөн түрдө ташый алабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар