Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу орус басма сөзүндө...

Орус басма сөзү кечээ Сочиде болгон Эрдоган-Путин жолугушуусуна баа берди.

1293552
Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу орус басма сөзүндө...

 

Орусиянын Сочи шаарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусуна кеңири орун берген Орусиянын басма сөзү, эки өлкөнүн Сириянын тагыдырын белгилеген кадамдарды таштаганын маалымдады.

Орус басма сөзү кечээ Сочиде болгон Эрдоган-Путин жолугушуусуна баа берди.

Орусиянын маалымат агенттиги РИА Новости, «Путин менен Эрдоган тагдырды белгилей турган билдирүүлөрдү жасашты» темасы менен берген кабарында эки өлкөнүн тең Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушу темасында чечкиндүү болгондорун кеп кылды.

Коммерсант гезити жолугушуу убагында кол коюлган Макулдашуу меморандумунун маанисине токтолуп, «Макулдашуу Сириянын тагдырын чоң өлчөмдө белгиледи. Жолугушуу Сирияда жаңы согушка бөгөт койду»,деп жазды.

Жолугушуунун орто эсеп менен 6 саатка созулганына көңүл бурган «Ведомости» гезити да Орусия менен Түркиянын Сириядагы коопсуз аймактын чек аралары темасында макулдашканына токтолду.

Орусиянын маалымат агенттиги ТАСС, жолугушууну «Орусия менен Түркия, Сирияда жикчилдикке каршы биргелешип күрөшүү темасында макулдашты» темасы менен кабарлаштырды.

Кабарда «Орусия жана Түркия терроризмге каршы биргелешип күрөшөт. Эки өлкө сириялык баш калкалоочулардын өз өлкөлөрүнө коопсуз жана ыктыярдуу түрдө кайтуулары процессине салым кошот»,деп жазды.



Тектеш кабарлар