Алтун: «Дүйнө жүзү биздин террор менен күрөшүүбүздү колдосо дагы колдобосо дагы улантабыз»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун, Француз маалымат агенттигине «Тынтчык булагы» операциясы тууралуу маалымат берди.

1289336
Алтун: «Дүйнө жүзү биздин террор менен күрөшүүбүздү колдосо дагы колдобосо дагы улантабыз»

Президенттик аппараттын коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын террордук уюм менен күрөшүүсүн уланта турганын белгилеп кетти.

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын маалымдашынча Француз маалымат агенттигине «Тынтчык булагы» операциясы тууралуу маалымат берген Алтун, Түркия жана АКШнын 67 жылдык НАТО шериктеши экенин, эң акыркы жолу ДЕАШ террордук уюмуна каршы түзүлгөн эл аралык коалициянын курамында күч бирдигин түзүшкөнүн эске салды.

(АКШнын мурдагы президенти Барак) Обама башкаруучулугунун Түркияда миңдеген жаранды кыргынга учураткан террордук уюм ПККны машыктырып жана курал бергенин, муну ДЕАШ менен күрөшүү максатында кылганын түшүндүргөн Алтун: «ДЕАШ террор уюмунун Сириянын территориясында түзгөн жалган мамлекети жоюлганда ПКК террористтери куралдарын Түркиядагы карапайым адамдарга бурду. Биз бул коркутуу темасында абдан ачык мамиле көрсөтүп, АКШны ПККга берген оор куралдарды топтоого жана кошумча курал жөнөтүүнү токтотууга чакырдык. Акырында жерлерибизде жоготууга учурабаш үчүн керектүү кадамдарды таштадык»,-деди.

Президенттик аппараттын коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, бүгүнкү күндө түрк калкынын дагы башы айланып калганын белгилеп, «НАТО шериктешибиз болгон АКШнын эмне үчүн террор менен күрөшүү аракеттерибизди колдобогондорун сурап жатышат. АКШнын эмне үчүн качкындар кризисине чечүүчү жол сунуштабаганына кызыгып жатышат. Вашингтондун эмне үчүн Сириянын түндүгүндө качкындар үчүн курула турган коопсуз аймакка каршы чыкканын түшүнүүгө аракет кылышууда»,деген серебин салды.

Акыркы убактарда АКШлык жооптуу кызматкерлердин расмий ыйгарым укуктарын колдонушуп Сириянын түндүгүндөгү абал туурасында жалган маалыматтарды жайганын, ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ тарабынан кылынган кылмыштарды жаап жашырууга аракет кылгандарын көргөндөрүн сөз кылган Алтун: «Миңдеген ДЕАШка мүчө террористтерди абактардан чыгарып жиберген уюм, Түркия-Сирия чек арасында жарандарды жана журналисттерди атайылап бутага алыптыр, эң акырында Асад режими менен ыпылас келишимге кол койду»,-деп айтты.

Түркиянын Сириянын түндүгүндө таштаган кадамдары туурасында толугу менен ачык экенин билдирген Алтун: «ДЕАШ менен кошо бардык террордук уюмдар менен күрөшүүбүздү, аракеттерибизди дүйнө жүзү колдосо дагы колдобосо дагы улантабыз. Бардык тараптарды бир беткей жана жалган кабарларды жаюуну таштап, Түркиянын глобалдык террорго каршы толкунду жарып өтүүчү экенин көрүүгө чакырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар