Ок-дары жүктөлгөн унаа жок кылынды

Террористтер жаңы кол салуу үчүн ок-дары жүктөп жатышкан болчу.

1287763
Ок-дары жүктөлгөн унаа жок кылынды

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышындагы жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка каршы жүргүзүлүп жаткан «Тынчтык булагы» операциясынын алкагында, отурукташуу жерлерин бутага алган террористтерге таандык ок-дары жүктөлгөн унаа жок кылынды.

Ок-дары ташыган унаанын жок кылынышына байланыштуу видео-сүрөттөр Улуттук коргоо министрлиги тарабынан бөлүшүлдү.

Министрликтин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Минометтор менен отурукташуу жерлерин бутага алган ПКК/ЙПГ-ПЙДлик террористтер жаңы кыргын үчүн ок-дары жүктөп жатканда учкучсуз учуучу учактарыбыз аныктап Аба күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды»,-делди.



Тектеш кабарлар