ЕБги менен түзүлгөн кээ бир кызматташуулар каралат
Түркия Европа Биримдиги менен кээ бир кызматташуулардын карап чыгыларын билдирди.
![ЕБги менен түзүлгөн кээ бир кызматташуулар каралат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/55c9/3524/a544/5d99cf9f7fe35.jpg?time=1718785504)
Түркия Европа Биримдиги менен кээ бир кызматташуулардын карап чыгыларын билдирди.
Тышкы иштер министрлиги : «Европа Биримдигинин тышкы иштер кеңешинин Сирия жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу чечимдер жана өлкөбүзгө карата жасаган чакырууларын толугу менен четке кагабыз жана айыптайтбыз», – деп билдирилди.
Минисрликтен берилген маалыматта Европа Биримдигинин ДЕАШка каршы күрөш тууралуу Түркияга сабак берүү укугунун жок экендиги баса белгиленип : «Мыйзамсыз жана тарап туткан мамилесинен улам Европа Биримдиги менен кээ бир кызматташууларды олуттуу түрдө карап чыгабыз», – деп билдирилди. Өзгөчө : «Европа Биримдигинин Чыгыш Жер Ортолук деңизде жүргүзгөн изилдөө жана бургулоо иштерин мыйзам тышы деп мүнөздөлүшү кабыл алынгыс», – деп билдирилди маалыматта.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718785505)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.