Расулян текшерүү астына алынды

Улуттук коргоо министрлиги Тынчтык булагы операциясынын негизинде Расулян отурукташуу жеринин текшерүү астына алынгандыгын жарыялады.

1286879
Расулян текшерүү астына алынды

Улуттук коргоо министрлиги  Тынчтык булагы операциясынын негизинде  Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзүлүп жаткан ийгиликтүү операциянын натыйжасында Расулян отурукташуу жеринин текшерүү астына алынгандыгын жарыялады.

9 – октябрдан бери түрк аскери Расуляндагы террордук буталарды пушка жана Ф – 16лар менен атып жер менен жексен кылды.

Кургактыктан  десанттар менен бирге Сирия Улуттук Армиясы алдыга карай жылды. Оболу Расулян жана Тель Абяддын ортосундагы 14 айыл тазаланды, террористтер арасындагы байланыш үзүлдү.

Кечээ кечинде Расулян аймагында катуу кагылышуулар болду. Биринчи болуп райондун кире беришиндеги өнөр жай  мааласы террористтерден тазаланды. Андан кийин Сирия Улуттук Армиясы Расулян шаар борборунун текшерүүсүн колго алды.

Шаардагы ПКК/ЙПГге таандык илинген кичинекей желектер түшүрүлдү. Сирия Улуттук Армиясы аянтта изилдөө иштерин баштады. Бул тууралуу твиттерден маалымат берген улуттук коргоо министрлиги : «Тынчтык булагы операциясынын негизинде жүргүзүлүп жаткан ийгиликтүү операцияларда Евфраттын чыгышындагы Расулян отурукташуу жери текшерүү астына алынды», –  деп билдирди.



Тектеш кабарлар