Калын Грэмге каршылык көрсөттү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын АКШлык сенатор Грэмге жооп кайтарды.

1286487
Калын Грэмге каршылык көрсөттү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШда Республикачыл сенатор Линдси Грэмдин, Американын эң ишенимдүү шериктештеринен күрттөргө Түркиянын кол салып жаткандыгы жөнүндөгү айтымдарына каршылык көрсөттү.

Катчы Калын Твиттер баракчасынан жарыяланган билдирүүсүндө, Түркиянын түштүк чек арасында терристтердин террордук коридор түзүү аракетине бөгөт болуу жана аймакка тынчтык, ырааттуулук алып келүү максатында баштаган «Тынчтык булагы» оепарациясын бутага алган сенатор Грэмге жооп кайтарды.

Калын билдирүүсүндө Грэмге каршы буларды айтты: «Күрттөр бул аймактын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, сиздер өкүлдүк кыла турчу эл эмес. Аларга карата мамилеңиз, өз империялык жана экспансиялык күн тартибиңизди жүргүзүү үчүн. Сиз ПККнын досусуңуз, күрттөрдүн эмес. Чындап эле чыныгы досуңуз барбы?».

Сенатор Грэм, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Түркиянын Сириянын түндүк-чыгышындагы күрттөргө этникалык тазалоо жүргүзө турганы жөнүндөгү айтымдарына байланыштуу: «Сириянын түндүк-чыгышында АКШнын эң ишенимдүү шериктештеринен бири болгон күрттөргө Түркиянын кол салуусу АКШ менен Израиль үчүн коркунуч болот»,-деп жарыялаган эле.



Тектеш кабарлар