«Тынчтык булагы» операциясы пландалгандай уланып жатат

Вице-президент Фуат Октай операция тууралуу маалымат берди.

1285352
«Тынчтык булагы» операциясы пландалгандай уланып жатат

Президенттин орун басары Фуат Октай, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирияда Евфрат дарыясынынын чыгышында баштаган, ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарын бутага алган «Тынчтык булагы» операциясынын пландалгандай уланып жатканын айтты.

Октай Твиттер баракчасынан түрк жана англис тилдеринде, Түркиянын түштүк чек арасында түзүлүүгө аракет кылган террордук коридорду жок кылуу, аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү максатында башталган «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу маалымат берди.

Террордук уюмдар жайгашууга аракет кылган чек аранын тышында Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясынын пландалгандай уланып жатканын белгилеген Фуат Октай: «Жалгыз максаты чек араларыбыздын коопсуздугун сактоо жана сириялыктардын өз үйлөрүнө кайтууларын камсыздоо болгон операцияда армиябыз террористтер менен күрөшүүсүн ийгиликтүү улантып жатканда, эң негизги каалообуз карапайым тургундарга зыян келтирбөө болуп саналат. Эл аралык мыйзамдардан келип чыккан укуктары жана БУУнун келишиминде орун алган «мыйзамдуу коргонуу» укугунун алкагында кыймыл кылган Түркия, чек араларыбызга коркунуч жараткан жана бүткүл дүйнөнү коркунучка салган террор саздагын кургатууга чечкиндүү»,-деп айтты.

Вице-президент Фуат Октай эл аралык коомчулуктун да террордук уюмдарга каршы күрөшүүдө бирдей чечкиндүүлүк көрсөтүүлөрүн күткөндөрүн да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар