Калын-О'Брайен сүйлөшүүсү

Калын коопсуз аймактын максатын түшүндүрдү.

1284742
Калын-О'Брайен сүйлөшүүсү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси элчи Роберт С. О'Брайен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Маалымдалгандай Калын-О'Брайен сүйлөшүүсүндө, Сириянын түндүгүндө коопсуз аймактын түзүлүүсү жана бул багытта мындан кийин ташталышы көздөлгөн кадамдар каралды.

Сүйлөшүүдө өзгөчө президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу боюнча 13-ноябрда Вашингтонго жасай турган сапарынын күн тартиби тууралуу пикир алмашылды.

Калын коопсуз аймактын максатынын Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн алкагында Түркия чек арасын террордук уюмдардан тазалоо жана качкындардын өз үйлөрүнө кайтуусун камсыздоо экенин, терродук уюм ДЕАШка каршы күрөштүн да чечкиндүүлүк менен улана турганын айтты.



Тектеш кабарлар