Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү
Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
![Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6c34/e38f/896f/5d7f9123d479c.jpg?time=1719199279)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Евфрат дарыясынын чыгышына жүргүзүлө турган кыймылдын Сириянын тынчтык жана ырааттуулукка жетишине салым кошо турганын белгилеп өттү.
Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Телефондогу сүйлөшүүсүндө Эрдоган, Евфраттын чыгыш жагына жүргүзүлүшү пландалган аскердик кыймылдын Сириянын тынчтык жана ырааттуулукка жетишине салым кошо турганын жана Сириядагы саясий процесстин жолун ача турганын айтты.
Сирия калкынын укук жана кызыкчылыктарынын корголушунун Түркия жагынан алганда негизги элемент болгонун баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын Орусиянын бул процесстеги конструктивдүү мамилесин мактаганын сөз кылды.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719199280)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.