«Чеңгел» операциясы уланып жатат

«Чеңгел» операциясында жок кылынган террористтердин жалпы саны 134кө жетти.

1281025
«Чеңгел» операциясы уланып жатат

«Чеңгел» операциясында Ирактын түндүгүндөгү Хакурк жана Гара аймактарында жикчил террордук уюм ПККлык 8 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Хакурк аймагына жүргүзүлгөн абадан операцияда ПККлык 3 террорист жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрү менен Улуттук чалгындоо уюмунун биргелешкен иш-аракттеринин негизинде Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында болсо ПККлык 5 террорист аныкталып алар абадан операцияда жок кылынды.

Ушундайча кечээ жүргүзүлгөн абадан операцияларда жок кылынган террористтердин саны 17ге жетти.

«Чеңгел» операциясында жок кылынган террористтердин жалпы саны болсо 134 болду.



Тектеш кабарлар