Акар: «Коопсуз аймак боюнча пландарыбыз даяр»
Кайсериде А400М учактары боюнча Retrofit келишим аземинде сүйлөгөн Хулуси Акар, бүгүн кечинде АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен Сириядагы коопсуз аймак темасында жолугушуу өткөрө турганын жарыялады.
![Акар: «Коопсуз аймак боюнча пландарыбыз даяр»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c2bc/d3f1/3f24/5d95f7f5a82e4.jpg?time=1719163655)
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак түзүү темасында Түркиянын пландарынын даяр экенин айтты.
Кайсериде А400М учактары боюнча Retrofit келишим аземинде сүйлөгөн Хулуси Акар, бүгүн кечинде АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен Сириядагы коопсуз аймак темасында жолугушуу өткөрө турганын жарыялады.
Министр Акар, Сириянын түндүгүндө түзүлүүсү пландалган коопсуз аймак тууралуу маалымат берди.
«Сабырдуулук жана чын ыкластан тынчтыкчыл чечүүчү жол табуу үчүн сүйлөшүүлөрүбүздү улантуудабыз»,-деп айткан Акар: «Бүгүн кечинде АКШнын коргоо министри урматтуу Эспер менен жолугушабыз. Мындан мурда да айтканыбыз сыяктуу пландарыбыз даяр. Сүйлөшүүлөрдү улантуубуз, маселени тынчтыкчыл ыкмалар менен чечүүнү каалообуз алсыроо эмес, планыбыз даяр деп айтышыбыз коркутуу катары кабыл алынбашы керек»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719163655)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.