Эрдоган: «Аң-сезимибизди дагы, эрежелерибизди дагы өзгөртүүнүн убагы эбак келди»

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган,АКШнын Нью-Йорк шаарында чогулган БУУнун Башкы ассамблеясына кайрылды.

1275700
Эрдоган: «Аң-сезимибизди дагы, эрежелерибизди дагы өзгөртүүнүн убагы эбак келди»

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган, дүйнө жүзүнүн глобалдык адилетсиздикке туш болгонун, мунун болсо күч сынашууларга, тирешүүлөргө алып келгенин билдирди.

Эрдоган, АКШнын Нью-Йорк шаарында чогулган БУУнун Башкы ассамблеясына кайрылды.

«Дүйнө жүзүнүн мүмкүнчүлүктүү азчылыгы роботторду талкуулап жатканда, 1 миллиарддан ашуун кишинин ачарчылык чегинин астында жашоосу абдан капага салат»,-деп айткан президент Эрдоган, дүйнө жүзүнүн бир тарабы байлыкка манчыркап жашап жатканда экинчи тарапта ачкачылык күчөп турганынын кабыл алынгыс көрүнүш экенин айтты.

«Дүйнө 5тен чоң» (БУУнун 5 туруктуу мүчөсү) ураанын кайталаган Президент, «Аң-сезимибизди дагы, эрежелерибизди дагы өзгөртүүнүн убагы эбак келди»,-деп айтты.

Ядролук куралдардын ар бир кризисте көзүр сыяктуу колдонулуусунан тынчсызданганын белгилеген Эрдоган: «Ядролук күч же ар кимге тыюу салынышы керек же ар кимге эркин болушу керек»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, кайрылуусунда Сирия кризисине жана качкындар агымына чечүүчү жол, жикчилдик, Исламга каршы чыгуу жана террор менен эл аралык күрөшүү, көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнүн керектүүлүгү, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги мамилелердин адилетсиздиги, Кашмирдиктердин курчоодон кутулуп келечектеринин коопсуздук астына алынуусу сыяктуу бир топ темадагы көз караштарын дагы түшүндүрүп өттү.

Жаңы Зеландияда мусулмандарды бутага алган кол салуунун күнү болгон 15-марттын «Ислам душмандыгына каршы колдошуу күнү» деп жарыяланышын сунуштаган Президент, Түркиянын 75-Башкы ассамблеянын жетекчилиги милдетине мурдагы Европа Биримдиги боюнча министр жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комиссиясынын башчысы, элчи Волкан Бозкырды талапкер көрсөткөндөрүн да жарыялады.

Эрдоган сөздөрүн, «Ар ким үчүн тынчтык, ар ким үчүн эркиндик, ар кимге өнүккөн жашоо, ар ким үчүн адилеттик, ар ким үчүн бакубат жана коопсуз келечек болсун»,-деп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар