Террористтерге каршы операциялар уланып жатат

Террористтерге каршы абадан операция жүргүзүлдү.

1268012
Террористтерге каршы операциялар уланып жатат

Муштун Шенйайла аймагынын элет жеринде Облустук жандармерия командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда, жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Операцияда өзгөчө террористтерге таандык колго жасалган жарылуучу заттар табылды.

Хаккаринин Чукуржа аймагынын элет жеринде жүргүзүлгөн операцияда да 2 террорист жок кылынды.

Бир тараптан Мардинде чоң шаарларга бомбалуу кол салууларды жасоо, токой өрттөрүн чыгаруу үчүн жиберилген ПККлык 2 террорист камакка алынды.

Вандын Гүрпынар районунда террордук уюм ПККга карай жүргүзүлгөн операцияда болсо аныкталган үч баш калкалоочу жайда террористтерге таандык ок-дары жана азык-түлүктөр табылып, алар жок кылынды.



Тектеш кабарлар