Евфраттын чыгышында төртүнчү биргелешкен учуу

Түрк куралдуу күчтөрү менен АКШнын куралдуу күчтөрү биргелешкен учууларды ишке ашырууда.

1268148
Евфраттын чыгышында төртүнчү биргелешкен учуу

Түрк куралдуу күчтөрү менен АКШнын куралдуу күчтөрү, Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында коопсуз аймак түзүү процессинин алкагында биргелешкен учууларды ишке ашырууда.

Шанлыурфанын Акчакале районунда жайгашкан Бирдиктүү биргелешкен кыймыл борборунда асманда кыймылдуулук бар.

Түрк куралуу күчтөрүнө таандык эки тик учар менен АКШга таандык эки тик учар райондон учуп кетишти.

Тик учурлар чек аранын Сирия тарабына карай бет алышты.

Түрк куралдуу күчтөрү менен АКШ күчтөрү буга чейин үч жолу тик учар учуусун жана бир жолу да кайгуул күзөтүн жүргүзүшкөн болчу.  



Тектеш кабарлар