Ибрахим Калын-Жон Болтон сүйлөшүүсү

Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз катчылыгы маалымдады.

1264026
Ибрахим Калын-Жон Болтон сүйлөшүүсү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын эл аралык коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен Түркия-АКШ карым-катнаштары жана аймактык абалдар каралган телефондогу сүйлөшүүсүн өткөрдү.

Президенттик аппараттын басма сөз катчылыгынын маалымдаганына караганда, Калын жана Болтондун ортосундагы телефондогу сүйлөшүү Сириядагы абалдар, коопсуз аймактын түзүлүүсү, террор менен күрөшүү, АКШ менен эки тараптуу соода карым-катнаштары, Ливиядагы акыркы абал тууралуу болду.

Бул ирет президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен эң акыркы жолу телефондогу сүйлөшүүсүндө каралган темалардын кеңириси сүйлөшүлдү.

БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында президент Эрдогандын 22-25-сентябрь күндөрүндө АКШнын Нью-Йорк шаарына жасай турган сапарынын алкагында эки лидердин жолугушуу темасы да каралды.

Сириянын түндүгүндө түзүлө турган  Коопсуз аймак үчүн таштала турган кадамдардын даярдалышы, Идлиб макулдашуусунун сакталышы, Баш мыйзам комиссиясынын ылдам түрдө бүтүрүлүшү темалары кеңири сүйлөшүлүп, ыктымалдуу жаңы адамзат трагедияларынын жана жаңы көч толкундарынын алдын алуу чараларынын ишке ашырылышынын чечкиндүүлүгү сөз кылынды.

Сүйлөшүүдө, Түркия жана АКШнын биргелешкен кыймыл палынынын кечиктирилбестен ишке ашырылышы жагдайында Түрк тарабынан даярдыктарын бүткөрүлгөнү билдирилди.

АКШнын соода министри Уилбур Росстун Түркияга жасай турган сапарынын жана максатталган 100 миллиард доллардык соода көлөмүнүн эки өлкөнүн соода карым-катнаштарына алып келе турган ылдамдыктын мааниси да баса белгиленди.



Тектеш кабарлар