Эрдоган - Бабис пресс жыйыны

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак түзүү тууралуу керек болгон колдоонун келбегендигин айтты.

1263503
Эрдоган  - Бабис пресс жыйыны

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак түзүү тууралуу керек болгон колдоонун келбегендигин айтты.

Президент Эрдоган расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Чех республикасынын премьер  - министри Андрей Бабис менен кечээ өткөрүлгөн жекеме – жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттик комплексинде биргелешкен пресс жыйын өткөрдү.

Жыйында Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймак тууралуу берилген убадалардын аткырлбагандыгын айткан Эрдоган Түркияга карата ыктымалдуу коркунучтарга каршы ташталышы керек болгон кадамдардын ташталгандыгын белгилеп : «Азыркы учурда коопсуз аймакты өздөрү күн тартибине алып келишүүдө. Иш баштоого келгенде эч кимди таппай жатабыз жана азыркы учурда коопсуз аймактын бир гана аты калды башка эч нерсе жок»,- деди.

Эрдогандын күн тартибинде Сириянын Идлиб шаарындагы адамзаттык трагедия орун алды. Президент Идлибдин акырындык менен жок болуп бара жаткандыгын белгилеп : «Буларды карап үнсүз калуу мүмкүн эмес. Орусия  - Түркия -  Иран сүйлөшүүбүз бар. Бул айдын ичинде кайрадан бул сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз. Бирок максатыбыз Женевадан мурда кээ бир кадамдарды таштоо»,- деди.

Президент Эрдогандын күн тартибинен качкындар маселеси да орун алды.

Европа Биримдигинин бул мааниде Түркияга берген убадаларын аткарбагандыгына каршылык көрсөткөн Р. Т. Эрдоган : «Азыркы учурга чейин биздин салган инвестициябыз 40 миллиард долларга жетти. Бирок Европа Биримдигинен тилекке каршы 3 миллиард еврого да жеткен жок. Эмдигиче аткарып жатабыз деген сыяктуу бир топ нерселер менен алаксытуу тактикасы менен баратат. Бирок тигиндей же мындай болсо да биз бул 4 миллион кишиге колубуздан келген жардамды берүүнү улантуудабыз»,- деди.

Чех республикасынын премьер  - министри Бабис да президент Эрдогандын Сирияда коопсуз аймак түзүүгө байланыштуу сунушунун мыкты экендигин белгилеп : «Бул жерде Түркия бизге акча жиберилсин эмес, бир аймак түзүлүп, мектептер, үйлөр курулуп, инвестиция салынсын деп жатат»,- деди.

Түркиянын Чехиянын негизги бир өнөктөшү жана НАТОнун негизинде союздаш экендигин белгилеген Бабис эки өлкөнүн ортосунда бири бирине карата соода көлөмүнүн арттырыла аларын баса белгиледи.

Эрдоган  - Бабис жолугушуусунда өзгөчө эки өлкө карым  - катнаштары жана аймактык абалдар каралды.



Тектеш кабарлар