Эрдоган: "Коопсуз аймак темасында дагы көп чыдамыбыз калган жок"

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулда Улуттук коргоо университетинин аскердик окуу жайларынын диплом жана туу тапшыруу аземине катышып сөз сүйлөдү.

1261583
Эрдоган: "Коопсуз аймак темасында дагы көп чыдамыбыз калган жок"

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ убадасында турбай бир канча аптанын ичинде Сириянын түндүгүндө Түрк аскеринин бул аймакты накталай көзөмөлгө алуусу башталбаса, Түркиянын өзүнүн кыймыл планын процесске киргизүүдөн башка чарасы жок экенин айтты.

Эрдоган, Стамбулда Улуттук коргоо университетинин аскердик окуу жайларынын диплом жана туу тапшыруу аземине катышып сөз сүйлөдү.

Сөзүндө АКШ менен Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак айтымдарына токтолгон Эрдоган: «Эми эч ким караңгы колдор тарабынан долбоор катары түртүлгөнү белгилүү болгон ДЕАШ шылтоосу менен эч кимди алдаганга аракет кылбасын. Аймакта болгондор бир канча күчтөрдүн кызыкчылык согушу. Манбижде бизге берилген убадалардын орундатылбоосу менен коопсуздукка байланыштуу санааркоолорубуз барган сайын артууда»,-деди.

АКШ менен аймакта коопсуз аймакты сүйлөшкөндөрүн, бирок Түркия менен АКШ айрым жерлерде башкача көз карашта болгонуна көңүл бурган Эрдоган: «Таркоо абалына учуратылган жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын, шериктешибиз болгон бир өлкөнүн (АКШ) этектеринин астына баш калкалап алып иштерин жүргүзүүсү болсо бүгүнкү күндө башкача маселе түрүндө алдыбыздан чыгууда»,-деди.

Евфрат дарыясынын чыгыш жагында жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын аймактын калкына зулумдугунун жашырылгыс абалга келгенин айткан Эрдоган: «Евфраттын чыгышындагы бардык чек араларыбызды бойлой коопсуз аймак тууралуу дагы көп убактыбыз жана чыдамыбыз жок. Бир канча аптанын ичинде аскерлерибиз аймакты көзөмөлгө албаса, анда өзүбүздүн кыймыл планыбызды процесске киргизебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар