Президент Эрдогандын 30-Август Жеңиш майрамына карата куттуктоосу

Эрдоган 30-Август Жеңиш майрамынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

1261049
Президент Эрдогандын 30-Август Жеңиш майрамына карата куттуктоосу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк улутунун кечээ болгону сыяктуу бүгүн дагы эркиндик жана келечеги үчүн өз өмүрүнөн жогору көргөн мекенди коргоо үчүн ушундай эле эр жүрөктүк жана жан аябастыкты көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Президент Эрдоган 30-Август Жеңиш майрамынан улам жарыялаган билдирүүсүндө, түрк элинин улуу тарыхынын алтын шакекчелеринин бири болгон 30-Август Жеңиш майрамынын 97 жылдыгын белгилеп жатканына басым жасап, Улуу Жеңиштин 97-жылында улутка бул жеңишти белек кылган Боштондук согуштун башкы командири Гази Мустафа Кемал Ататүрктү, Улуу Улуттук Жыйынынын ардактуу мүчөлөрүн жана баатыр түрк армиясынын баардык аскерлерин таазим кылып эскерди.

Эрдоган Түркияда, Түндүк Кипр Түрк Республикасында жана дүйнөнүн төрт тарабында жашаган түрк жарандарынын ар бирин 30-Август Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Эрдоган: «30-августта жетишилген дастан сыяктуу жеңиш менен улутубуз, кандай гана болбосун көз карандысыздыгынан баш тартпай тургандыгын бүткүл дүйнөгө жарыялаган. Акыркы мамлекетибиз Түркия Республикасынын да курулуусуна негиз болгон Улуу Жеңиш, түрк элинин кайрадан даңазаланышынын белгиси болуп саналат»,-деди.

Бүгүн да Сириянын түндүгүндө, Иракта жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркияга каршы курулган баардык тузатарды бузууга чечкиндүү экендиктерин белгилеген Эрдоган, түрк элинин жана Кипр түрктөрүнүн укуктарынын тебеленишине эч качан уруксат бербей тургандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар