30-Август Жеңиш майрамы

Мындан 97 жыл мурда Боштондук согушу жеңиш менен аяктаган.

1260755
30-Август Жеңиш майрамы

Бүгүн Боштондук согушу жеңиш менен аяктаган 30-Август Жеңиш майрамын белгилеп жатабыз. Биринчи Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Осмон мамлекетинин жеңилиши жана өлкөнүн территорияларынын чет элдик күчтөр тарабынан басылып алынуусуна Греция армиясынын Анадолу жергесин басып алуу аракети да кошулду. Ушундан улам бир канча жылга созула турган Боштондук күрөшү башталды. Боштондук согушунун акыркы алкагы 1922-жылы 30-август күнү жетишилген башкы командирликтин Майдан согушу болду.  Бул жеңиш көз карандысыз Түркия Республикасынын курулуусуна мүмкүнчүлүк түздү. Көз карандысыздыгыбыздын кепили баатыр армиябыздын жана улутубуздун 30-Август Жеңиш майрамын куттуктап, бул чоң жеңишке жетишүүдө кызмат кылган, канын, жанын аябаган жана ушул кооз мекенди бизге белек кылган аталарбыздын жаркын элесин урматтоо менен эскеребиз.



Тектеш кабарлар