Эрдоган-Трамп сүйлөшүүсү

Презденттик аппараттын коммуникация башчылыгынан маалымат берилди.

1260411
Эрдоган-Трамп сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Презденттик аппараттын коммуникация башчылыгынан берилген маалыматта Эрдоган жана Трамптын сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Сирияда болуп жаткан акыркы абалдардын каралганы белгиленди.

Анда, Эрдогандын Францияда ишке ашкан Чоң жетинин (G-7) саммитинде Иран темасында ташталган кадамдар менен АКШнын Элчиси Дэвид Саттерфилддин кызматын баштаганына канагаттанганын кесиптеши менен бөлүшкөнү маалымдалды.

Эки лидердин соода көлөмүнүн 100 миллиард доллар деңгээлине чыгарылышы жагдайында чечкиндүүлүктөрүн кайрадан тастыкталганы белгилегенген жарыяда, айрыкча Асад режиминин кол салуулары уланып жаткан Сириянын Идлиб шаарында жарандардын корголушу жана жаңы адамзат кризисинин алдын алуу максатында кызматташтыктын уланталышына чечим чыгарылганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар