Президент Эрдоган АКШны эскертти

Эрдоган Малазгирт жеңишинин 948 жылдыгынын иш-чарасында сөз сүйлөдү.

1258726
Президент Эрдоган АКШны эскертти

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШны эгерде Түркияны Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында алагды кыла турган болсо, пландарды ишке ашырабыз деп эскертти.

Эрдоган Мушта Малазгирт улуттук парк аянтында Малазгирт жеңишинин 948 жылдыгынын иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөз сүйлөөсүндө: «Эч бир саясий же экономикалык кызыкчылык бизди туура айтуудан, акылууларга, кыйналгандарга жана жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүдөн баш тарттыра албайт»,- деп айтып: «Буюрса Ирактан Сирияга, Чыгыш Жер Ортолук деңизден берки аймактарга чейин созулган күрөштү жеңиш менен аяктайбыз»,-деди.

Сирияда коопсуз аймак түзүүгө байланыштуу Эрдоган: «Аймактагы жашыруун тузактардын көп болушу бизди эч качан жолдон тайдыра албайт. Эгерде алагды кылууга аракет кылышса баардык даярдыктарыбыз бүткөрүлгөн. Пландарыбызды ишке ашырабыз. Жакында кургактык күчтөрүбүздүн да аймакка кирүүсүн күтүп жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар