Эрдоган Орусияга барат
Эрдогандын Орусияга сапарынын программасы
Президент Режеп Таййип Эрдоган эртең Орусияга бир күндүк иш сапары менен барат.
Президенттиктен маалымдалгандай президент Эрдоган бир күндүк иш сапары менен 27-августта Орусияга барат.
Сапардын алкагында Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Ошондой эле Эрдоган менен Путин делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылышат.
Президент Эрдоган, өз тармагында дүйнөдөгү алдыңкы иш-чаралардын бири болгон МАКС-2019 Эл аралык авиация жана космос жарманкесине да катышмакчы.
Жолугушуулары убагында Түркия-Орусия эки тараптуу карым-катнаштардын кеңири каралышы, Сирия менен катар айрым аймактык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашылышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.