Түркиянын дагы эки мега долбоору ишке кирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, мега долбоорлордун ачылышында сөз сүйлөдү.

1247642
Түркиянын дагы эки мега долбоору ишке кирди

Түркиянын автожолу жана саламаттык сактоо тармагында эки мега долбоору ишке кирди.

Стамбул менен Измирдин ортосун 9 сааттан 3,5 саатка түшүргөн автожол менен Бурсадагы Түркиянын 10-Оорукана шаарчасы президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ачылды.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдоган, автожолдун пландалгандан бир жыл мурда бүткөрүлгөнүн белгилеп: «Бүгүн тарых жазуудабыз, Стамбул менен Измирдин ортосундагы саякатты коопсуз, ылайыктуу абалга келтирүү менен бирге жолду да 100 чакырым кыскартуудабыз»,-деди.

Режеп Таййип Эрдоган, чыгымы 11 миллиард доллар болгон долбоордун Түркияга салымынын жылдык 3,5 миллиард доллар боло турганын да айтты.

Президент Эрдоган: «Стамбул менен Измирдин ортосундагы аралыкты 3,5 саатка түшүргөн бул долбоордун өлкөбүзгө пайдалуу болушун тилеймин»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Түркия , #Эрдоган

Тектеш кабарлар