Чавушоглу Кырымоглуну куттуктады
Телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүлдү.
1241625
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Крым татар элинин лидери Мустафа Абдулжемил Кырымоглу жана Крым татар улуттук парламенинин төрага орун басары Ахтем Чийгөз менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу сүйлөшүүдө, Украинадагы эрте өткөн жалпы шайлоодон кийин жарыяланган жыйынтыктарга караганда эл өкүлү болуп шайланган Кырымоглу менен Чийгөздү куттуктады.
Учурдагы жыйынтыктарга караганда Украинанын экс президенти Порошенконун партиясынан Европа тилектештиги боюнча талапкер болгон Кырымоглу менен Чийгөз эл өкүлдөрү болушту.