Чавушоглу Иранга барат

Министр Чавушоглунун иш сапарынын алкагында Иранга бараары маалымдалды.

1221073
Чавушоглу Иранга барат

 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, 20-21-июнда иш сапарынын алкагында Иранга барат.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, министр Чавушоглунун 20-21-июнда Иранга сапар жасай турганы маалымдалды.

Чавушоглунун ирандык кесиптеши Жевад Зарифтин  чакыруусу боюнча Исфаганга иш сапары менен бара турганы белгиленген билдирүүдө, «Сапардын алкагында эки тараптуу карым-катнаштардын кеңири каралышы, өзгөчө аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алшылышы күтүлүүдө»,-делди.



Тектеш кабарлар