Эгей деңизинде кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттери
Түркия менен Грециянын делегациялары жолугушат.
Түркия менен Грециянын Коргоо министрликтеринин делегациялары, Эгей деңизинде кызматташтыкты бекемдөө максатында жолугушууларынын экинчисин 17-21-июнда баш калаа Анкарада өткөрүшөт.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Түркия менен Грециянын Коргоо министрликтеринин делегацияларынын ортосунда, Ишенимди арттыруучу чаралар менен катар Эгей деңизинде кызматташтыкты өнүктүрүү максатында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн экинчиси 17-21-июнь күндөрүнүн аралыгында баш калаа Анкарада өткөрүлөт»,-делди.
Эки өлкөнүн делегациялары, биринчи сүйлөшүүнү 20-25-май күндөрүнүн аралыгында Грециянын баш калаасы Афинада өткөрүшкөн.
Делегациялардын ортосунда Эгей деңизинде ишенимди арттыруучу чаралар жана жүрүм-турум эрежелери менен катар кызматташтыкты өнүктүрүү максатында техникалык сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Италияда
Италиянын премьер - министри Жоржия Мелони саммитке келген лидерлерди бир бирден тосуп алды.