Эрдоган "А" улуттук курама футбол командасына колдоосун көрсөттү

Президент Эрдоган, телефон аркылуу байланышкан Өздемирге бул тема тууралуу мамлекеттин ар түрдүү киришүүнү кылып жатканын жана керектүү чараларды көргөнүн айтты.

1216000
Эрдоган  "А" улуттук курама футбол командасына колдоосун көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, "А" улуттук курама футбол командасын ар дайым колдой турганын билдирди.

Президент Эрдоган, Европа Футбол чемпионаты 2020нын тандоолорунда ойногон Түркиянын «А» улуттук курама футбол командасы «Н» тайпасындагы төртүнчү оюну үчүн Исландияга барганда аэропортто дуушар болгон жаман мамилелер жана болгондор тууралуу Түркиянын Футбол федерациясынын төрагасы Нихат Өздемир менен сүйлөшүү өткөрдү.

Президент Эрдоган, телефон аркылуу байланышкан Өздемирге бул тема тууралуу мамлекеттин ар түрдүү киришүүнү кылып жатканын жана керектүү чараларды көргөнүн айтты.

Эрдоган, Нихат Өздемирден «Шенол Гүнеш агайыбыз жана футболчуларыбыз көңүлдөрүн чөгөрбөсүн. Түрк калкы алардын жанында»,деген билдирүүсүн техникалык топ менен командага жетирүүсүн өтүндү.

Өздемир да «А» улуттук курама футбол командага көрсөткөн колдоосунан улам президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди.

Буга кошумчалай кетсек, жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглунун да атайын делегация менен Түркиянын футбол федерациясы жана «А» улуттук курама футбол команданын жанында экенин крсөтүш үчүн бүгүн Исландияга барып, ойноло турган оюнда ай-жылдыздуу командага колдоо көрсөтө турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар