"Чеңгел" операциясы улантылууда

Эрдоган С- 400 тууралуу буларды айтты : «Бул жерде биз түзгөн бир келишим бар. Чечкиндүүлүк бар. Артка кадам таштоо деген нерсе болбойт»,- деди.

1213342
"Чеңгел" операциясы улантылууда

Президент Р. Т. Эрдоган Ирактын түндүгүндөгү Хакрук аймагында ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү террористтерге карата баштатылган «Чеңгел» кыймылынын чечкиндүү улантылып жаткандыгын айтты.

Стамбулда майрам намазын окугандан кийин маалымат берген Р. Т. Эрдоган кыймыл тууралуу буларды айтты : « «Чеңгел» кыймылы чечкиндүүлүк менен улантылууда. Акырына чейин да бул кыймыл улантылат»,- деди.

Эрдоган С- 400 тууралуу буларды айтты : «Бул жерде биз түзгөн бир келишим бар. Чечкиндүүлүк бар. Артка кадам таштоо деген нерсе болбойт»,- деди.

Эрдоган АКШдан С- 400дөргө карата талап тууралуу канааттандыраарлык бир жооптун келбегендигин да айтты.

Бир тараптан АКШнын президенти Дональд Трамптын Сириянын Идлиб шаарындагы ок атышпоо чакыруусуна карата Эрдоган маселенин чечилиши үчүн Орусиянын президенти В. Путин жана АКШнын президенти Трамп менен сүйлөшкөндүгүн айтты.

«Азыркы учурда Сирия, Идлиб, Манбиж, Евфраттын чыгышы тууралуу ар бир өлкө менен Түркия катары сүйлөшүүлөрүбүздү улантуудабыз»,- деген президент Эрдоган : «Жоопкерчилигибиз чечкиндүүлүк менен улантылууда. Мындан кийинки процессте да улантылат»,- деди.



Тектеш кабарлар