Соода министри Пекжан түштүк кореялык кесиптеши менен жолугушту

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун Министрлер Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Парижге барган Пекжан бул жерде түштүк кореялык кесиптеши менен жолугушту.

1207129
Соода министри Пекжан түштүк кореялык кесиптеши менен жолугушту

 Соода министри Рухсар Пекжан Франциянын борбор шаары Парижде Түштүк Кореянын соода министри Ю Мёнги менен жолугушту.

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун Министрлер Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Парижге барган Пекжан бул жерде түштүк кореялык кесиптеши менен жолугушту.

ОЕСДнин башкы штабында басма сөзгө жабык өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн тең салмактуу түрдө арттырылышына байланыштуу темалар каралды.

Ушунун негизинде Түркиянын Түштүк Корея менен соода кемчилигинин азайтылышы жана Түркиянын экспорт потенциалынын аракетке өткөрүлүшү үчүн таштала турган орток кадамдар сөз болду.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы Эркин Соода Келишиминин натыйжалуу колдонулушу керектигин белгилеп, Түркиядан өзгөчө дыйканчылык продукциялары соодасынын өнүктүрүлүшүнө карата талаптарды билдирди.

Түштүк Кореялык фирмаларды Түркияда инвестиция салууга чакырган Пекжан ушунун негизинде нефтехимия, болот, медицинлык аппараттар, уюлдук телефондор жана күн паннелдери сыяктуу секторлор  максат кылынган тармактар экендигине көңүлдөрдү бурду. Пекжан өзгөчө блокчейн, жасалма мээ сыяктуу технологиялардын соода платформаларына өткөрүлүшү тууралуу эмгектерде Түштүк Корея менен кзматташуунун арттырылышы керектигин айтты.

Кореялык министр  Ю Мёнги да Түркия менен сооданын өнүктүрүлүшүнө маани беришкендерин, ушунун негизинде  бири бирине карата кызматташууну арттыруу менен улантуу тууралуу макулдашышкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар