Эрдоган-Абдулмехди жолугушуусу

Эрдоган-Абдулмехди жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүлдү.

1202121
Эрдоган-Абдулмехди жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирак менен аскердик кызматташтык жана ишеним келишимин түзүүнүн туура болоорун айтты.

Эрдоган, кечээ баш калаа Анкарага келген Ирактын премьер-министри Адил Абдулмехди менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешке маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган андагы сөз сүйлөөсүндө: «Ирактын кайрадан куруусу темасында, жикчил террордук уюм ДЕАШ тарабынан талкаланган Керкүк-Жейхан мунай зат куурунун тез арада ишке киргизилүүсүнүн маанилүү экенин баса белгиледик»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Түркия менен Ирактын ортосунда аскердик кызматташтык жана ишеним келишимин түзүүнүн туура болооруна чечим чыгаргандарын билдирди.

Ал эми Ирактын премьер-министри Абдулмехди: «Эч качан Түркиянын жерлерине, биздин жерлерибизден коопсуздук коркунучу жаралышын кабыл алышыбыз мүмкүн эмес»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар