Түркия Суданды колдойт

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

1183214
Түркия Суданды колдойт

Түркия Судандагы процесстин, бийликтин жарандык өкмөткө берилиши менен аяктааарына байланыштуу Аскердик өткөөл кеңешинин убадаларын ыраазычылык менен кабыл алганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Судандагы процесске байланыштуу: «Түркия Суданда тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышына жана элдин күтүүлөрүнүн негизинде ишенимдүү жана камтуучу өткөөл процесстин ишке ашырылышына чоң маани берет» деген сөздөргө орун берилди.

Ошондой эле: «Ушул алкакта Аскердик өткөөл кеңешинин, процесстин коомчулуктун баардык катмарынын катышуусунда жүргүзүлө турганы, өлкөдө коопсуздук жана коомдук тартиптин корголо турганы жана процесстин аягында бийликтин жарандык өкмөткө бериле турганы жөнүндөгү убадалары ыраазычылык менен кабыл алынды. Бул процесстин тезирээк аякташын каалайбыз. Түркия ушул күнгө чейин болгону сыяктуу мындан кийин да Судандын коопсуздук жана ырааттуулугу менен судан элинин тынчтык жана ынтымагы үчүн колунан келген колдоосун улантат»,-делди.



Тектеш кабарлар