Түркиянын Судан тууралуу билдирүүсү

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө өз билдирүүсүн жарыялады.

1181898
Түркиянын Судан тууралуу билдирүүсү

Түркия ушул күнгө чейин болгону сыяктуу мындан кийин да Суданда тынчтык, ырааттуулук жана коопсуздуктун камсыздалышы үчүн тууган Судан элине колдоо көрсөтүүнү уланта турганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги, Суданда армиянын бийликти колго алганына байланыштуу жазуу түрүндө өз билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө: «Африка материгинде ар тараптуу жана түптүү бир туугандык байланыштарга эгедер болгонубуз Судандагы кырдаалга жакын байкоо салып жатабыз»,-деген сөздөргө орун берилди.

Судан элинин өлкөдө тынчтык жана ырааттуулуктун тез арада камсыздалышын жана экономикалык кыйынчылыктардын жоюулушун камсыздай турчу чаралардын көрүлүшүн күткөнү белгилеген билдирүүдө: «Бул процесстин, укуктук демократия жана улуттук макулдашуунун негизинде элдин күтүүсүн камсыздай турган, тынчтыкчыл түрдө жүргүзүлүшүн каалайбыз. Судандын коопсуздук жана ырааттуулугунун корголушу баардык аймактын ырааттуулугу үчүн маанилүү. Түркия ушул күнгө чейин болгону сыяктуу мындан кийин да Суданда тынчтык, ырааттуулук жана коопсуздуктун камсыздалышы үчүн тууган Судан элинин жанында болууну жана колдоо көрсөтүүнү улантат»,-деп айтылды.

Судандын коргоо министри Авад бин Авф, армиянын өлкөнүн жетекчилигин колго алганын жана 2 жылдык өткөөл мезгилдин башталганын жарыялаган болчу.

 



Тектеш кабарлар