Боливиянын Палестина доосуна, өзгөчө Кудстун статусунун корголушуна көрсөткөн колдоосуна ыраазыбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Боливиянын президенти Хуан Эво Моралес Айма менен Президенттик Комплексинде ишке ашырган бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1180305
Боливиянын Палестина доосуна, өзгөчө Кудстун статусунун корголушуна көрсөткөн колдоосуна ыраазыбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган,  Боливиянын Палестина доосуна анын ичинде өзгөчө Кудстун статусу жана палестиналык жарандардын корголушуна карай көрсөткөн колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.

Эрдоган, чакыруу боюнча Түркияга келген Боливиянын президенти Хуан Эво Моралес Айма менен Президенттик Комплексинде ишке ашырган бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Сөзүнзө Моралестин Боливиядан Түркияга мамлекет башчылык деңгээлинде жасаган алгачкы сапары болгондуктан ыраазы болгондорун айтып баштаган президент Эрдоган, Түркиянын өткөн жылы Ла-Пас элчилигин ачканын эске салып, Боливиянын дагы Анкарада элчилик ачуу чечимин чыгаргандарына кубангандарын кеп кылды.

Эрдоган, алдыдагы жылда Түркия жана Боливиянын ортосунда дипломатиялык карым-катнаштардын камсыздалышынын 77-жылдыгы белгилене турганын маалымдады.

Эрдоган, ушул максат менен 2020-жылы ар бир эки өлкөдө атайын иш-чараларды уюштура турганын, бул иш-чаралардын адам ресурстарынын карым-катнаштарынын өнүгүүсүнө салым кошуусун максаттагандарын айтты.

Жолугушууда Өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын алгачкы жыйналышынын үстүбүздөгү жылдын ичинде өткөрүлүшү темасында макулдашкандарын дагы түшүндүргөн президент Эрдоган, экономикалык жана соода карым-катнаштарында акыркы мезгилде олуттуу секирик болгонун белгиледи.

Соода көлөмүнүн акыркы 2 жылда 250 пайыз катнашында өсүү менен 113 миллион долларга жеткенине токтолгон Эрдоган: «Урматтуу Моралес менен бул сандын эки өлкөбүз жагынан алганда абдан төмөн экенин жана өзүбүзгө максат белгилеп алсак пайдалуу болоорун жана муну 500 миллион доллар деп биринчи этапта белгилесек пайдалуу болот дедик жана бул жагынан макулдаштык»,-деп айтты.

Эрдоган, экономикалык карым-катнаштардын укуктук платформасынын күчтөндүрүлүшү, эки тараптуу инвестициялардын арттырылышы жана энергетика сыяктуу секторлордо биргелешкен демилгелерди көтөрүү темаларын да карап чыккандарына токтолду.

Түркиянын Ислам Кызматтатык Уюмунун Саммитинин кезектеги жетекчиси экенин, Моралестин да Латын Америка жана Кариб аралдары тобунун кезектеги жетекчиси болгонун айткан президент Эрдоган: «Дүйнөдө ашкере улутчулдуктун жана Ислам душманы кыймылдардын жогорулап баратышына санааркаганыбызды дагы бир жолу айта кеткибиз келет. Ар түрдүү бөлүүчүлүктү, жикчилдикти жана четтетип коюуну четке кагабыз. Боливиянын Палестина доосуна анын ичинде өзгөчө Кудстун статусу жана палестиналык жарандардын корголушуна карай көрсөткөн колдоосуна ырахмат айтамын. Муну менен катар Голан дөңсөөлөрү тууралуу иш-аракети да мактоого арзырлык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар