Чавушоглу-Болтон жолугушуусу

Жолугушуу орто эсеп менен 40 мүнөткө созулду.

1177575
Чавушоглу-Болтон жолугушуусу

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен Ак үйдө жолугушуу өткөрдү.

НАТОнун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгынан улам Вашингтондо уюштурулган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышкан Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Вашингтон программасынын аягында Болтон менен жолукту.

Орто эсеп менен 40 мүнөткө созулганы жана иштиктүү өткөнү белгиленген жолугушууда, Түрк-Америка карым-катнаштарынын каралгандыгы маалымдалды.

Эки күндүк тыгыз программада НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны менен катар көп сандаган иш-чарага катышкан Чавушоглу, АКШлык кесиптеши Майк Помпео менен эки тараптуу алакалар каралган сүйлөшүү өткөрүп, айрыкча бир канча өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолуккан болчу.



Тектеш кабарлар