Эрдоганга чет өлкөлөрдөн куттуктоолор келип жатат

Айрым өлкөлөрдүн мамлекет башчылары президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып шайлоодогу жеңишинен улам куттуктады.

1174573
Эрдоганга чет өлкөлөрдөн куттуктоолор келип жатат

Айрым өлкөлөрдүн мамлекет башчылары президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып шайлоодогу жеңишинен улам куттуктады.

Президенттик аппараттын булактарынан алынган маалыматка караганда, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббас, Сербиянын президенти Александр Вучич, Босния-Герцеговинанын президенттик кеңешинин төрагасы Милорад Додик жана Демократиялык кыймыл партиясынын жетекчиси Бакир Иззетбегович, Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен Гвинеянын президенти Альфа Гонде президент Режеп Таййип Эрдоганды жергиликтүү шайлоолордо 51 пайыздан көп добуш алып жеңишке жетишкендиги үчүн телефон аркылуу алгачкылардан болуп куттуктаган ысымдар болушту.

Айрыкча Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели менен мурдагы премьер-министрлерден Месут Йылмаз жана Тансу Чиллер да Эрдоганга куттуктоолорун билдиришти.

 



Тектеш кабарлар