Түркиядан Мусулга жардам

Мусул шаарында Тигр дарыясында паромдун сууга чөгүшү менен 85 киши каза болгон.

1173023
Түркиядан Мусулга жардам

Түркиядан Ирактын Мусул шаарындагы изилдөө – куткаруу иштерине колдоо...

Деңиз күчтөрү командирлигине таандык 20 кишилик чумкуучу топ Мусулда Тигр дарыясында болгон паром кырсыгында жоголгон кишилерди издөө – куткаруу иштерине жардам берүү максатында аймакка барды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : «21 -  мартта Иракта Тигр дарыясында болгон паром кырсыгында жоголгондорду издөө – куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Деңиз күчтөрү командирлигибизге таандык 20 кишилик чумкуучу топ бүгүн аба күчтөрү командирлигибизге таандык бир учак менен аймакка барды»,- деп билдирилди.

Мусул шаарында Тигр дарыясында паромдун сууга чөгүшү менен 85 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар