АКШнын дарты Түркиянын С-400 абадан коргонуу системаларын алуусу эмес, Түркиянын баш ийбөөсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Диярбакырдын Сейрантепе спорт залында өткөн Түркиянын Жаштар фондунун 5-Жаштар жолугушуусу программасына катышты.

1160328
АКШнын дарты Түркиянын С-400 абадан коргонуу системаларын алуусу эмес, Түркиянын баш ийбөөсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын дарты Түркиянын С-400 абадан коргонуу системаларын алуусу эмес, Түркиянын Сирия баш болгон аймактагы абалдар темасында өз эрки менен кыймыл кылышы болгонун айтты.

Президент Эрдоган, Диярбакырдын Сейрантепе спорт залында өткөн Түркиянын Жаштар фондунун 5-Жаштар жолугушуусу программасына катышты.

Түркия өз алдынча жогорулай баштаган сайын укукту жана акыйкаттыкты дагы бийик үн менен билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айткан Эрдоган: «Буга тынчсыздангандар дагы деле мурда болгону сыяктуу өз кемелерин айдоо аракетинде. АКШнын С-400дөр тууралуу мамилеси мунун бир мисалы болуп саналат. Түркиянын бул абадан коргонуу системасын эмне үчүн алганы, кайсы шарттар менен алганы, эмне үчүн колдоно турганы ачык белгилүү. Бул теманын НАТО менен дагы, F-35 согуштук учагы проекти менен дагы жана АКШнын коопсуздугу менен дагы эч кандай тиешеси болбогонун бул иштин адиси болгон ар ким билет»,-деди.

Эрдоган: «Анда буга карабастан С-400 темасында эмне үчүн өлкөбүзгө ушунчалык орой түрдө келе жатышат? Анткени маселе башка. Маселе С-400 эмес, Түркиянын Сирия баш болгон аймактагы абалдар темасында өз эрки менен кыймыл кылышы»,-деп айтты.

Түркиянын бул жолдон эч качан кайтпай турганына басым жасаган Эрдоган: «Бүгүнкү күндө бизге С-400 алганыбыз үчүн ушундай каршы чыккандардын, кечээки күндө өлкөбүздүн территориясына террористтердин ракеталары, бомбалары жааганда бизде турган системаларды кантип чогултуп алып кетишкендерин биз унуткан жокпуз. Буюрса өтмүштөгү көп сандаган жагдай сыяктуу бул маселени да акыл эстүүлүк жана орток кызыкчылыктардын талабына ылайыктуу түрдө ишке ашырабыз»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган , #АКШ , #С-400

Тектеш кабарлар