Түркия Йеменге жардам көрсөтүүдө

Йемен эли согуштун айынан оор кыйынчылыктарды тартып жатат.

1151849
Түркия Йеменге жардам көрсөтүүдө

Түркия Йемендин Аден шаарында рак илдетине чалдыккан оорулуулар менен жетимдер үйүнө 225 пакеттик азык-түлүк жардамын берди.

Аден провинциясына караштуу Критер шаарында Түрк Кызылайынын азык-түлүк жардамынын таратылышында, мекеменин Йемендеги жооптуу кызматкери Мустафа Айдын жана Йемендин гуманитардык жардамдар комитетинин башкы координатору Жемал Билфаких да болду.

Мустафа Айдын Түрк Кызылайынын Йемендеги жардам иштеринин алкагында аймакта рак менен ооруган 200 кишиге жана жетимдер үйүнө жалпы 225 пакеттик азык-түлүк жардамы берилгенин айтты.

Өлкөдөгү жашоо шарттарынын татаалдыгына көңүл бурган Айдын, өзгөчө рак менен ооругандардын жана жетимдердин бул жардамдарга өтө муктаж экенин айтты.

Билфаких болсо Түрк Кызылайынын жардамдарын мактоо менен сөз кылып: «Өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы муктаждыгы барларга жардамдардын жеткирилиши темасында Түрк Кызылайы менен кызматташып жатабыз»,-деди.

Йеменде согуштун себебинен келип чыккан адамзаттык кризисинде кыйынчылыктардын жеңилдетилиши үчүн Түркиядан расмий жана расмий болгон көп сандаган мекеме ар түрдүү гуманитардык жардамдарды өлкөнүн элине жеткирүүгө аракет кылууда.



Тектеш кабарлар